www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен АКШ кеңири масштабдагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Алдыдагы он жыл ичинде Өзбекстан америкалык экономикага 100 миллиард доллардан ашык каражат багыттайт.

Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, алгачкы этапта — үч жылдын ичинде — Өзбекстан болжол менен 35 миллиард доллар инвестиция саларын маалымдады.

Бул каражаттар табигый минералдарды өнүктүрүүгө, авиацияга, автоунаа тетиктерине, инфраструктурага, айыл чарбасына, энергетикага, химиялык өнөр жайга жана IT секторуна жумшалат.

Трамп президент Шавкат Мирзиёевге өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет «узак мөөнөттүү жана натыйжалуу мамилелерге» үмүт артарын белгиледи.

Буга чейин эки лидер Ак үйдө жолугушуп, кызматташуунун келечегин жана аймактык коопсуздукту талкуулашкан. Мирзиёев Трампты Өзбекстанга чакырып, кийинки «C5+1» саммитин Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуштаган.

Последние новости