www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда жалпы орто билим берүү 12 жылдыкка өзгөртүлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу бала бакча жана мектептер боюнча вице-министр Сардор Раджабов билдирди.
Жаңы система боюнча мектепке даярдоо баскычында кошумча жыл кирет: бир жылдык даярдоо жана төрт жылдык башталгыч билим берүү. Андан кийин беш жылдык негизги жалпы билим берүү жана эки жылдык жалпы орто билим берүү (10–11-класстар) каралган.
Азыркы учурда өлкөдө мектепке барган алты жаштагы балдарды камтыган даярдоо топтору иштеп жатат. Бул топтор акырындап мектеп системасына кошулуп, эл аралык стандарттарга ылайык окутулат. Мугалимдер үчүн атайын даярдоо программалары иштелип чыккан.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү бүтүрүүчүлөргө чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырууда даярдоо курстарын (foundation courses) окубай эле, окуу жылын сактоого мүмкүнчүлүк берет.