www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында пара алууга шектелген мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын тургуну 1966-жылы туулган И.А. милицияга арыз менен кайрылып, пара алган мамлекеттик кызматкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. 

Алдын ала алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Ош шаарынын «Жибек-Жолу» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы М. М. жана жер адиси З.М. арыздануучунун Ош шаарында жайгашкан соода дүкөнүнүн документтери жок экендигин билип туруп, буздурбоо үчүн документтерди жасап беребиз деп, 17,000 сом акча каражатын пара катары алышкан.

Бул факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын Жибек-Жолу кичи шаарчасында пара катары алган 17,000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен, Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 1983-ж.т. М.М., ортомчу болгон Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын кварталдык комитетинин төрөгасы 1961-ж.т. С.Б. жана жаран 1995-ж.т. З.М. кармалган. 

Кармалган жарандарга карата Ош шаардык тергөө судьясынын токтомунун негизинде бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости