www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында Ысык-Көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатат деген маалымат жеринде текшерилип, тастыкталган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатканы тууралуу видео тараган. Аталган маалыматты тактоо максатында кызматтын адистери окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул аймакта заманбап балык чарбасын куруу иштери жүрүп жатканы аныкталган. Курулуш учурунда казылган чуңкурга жер астындагы суулар топтолуп, алар насостук жабдуунун жардамы менен курулуш аймагынан чыгарылып, Ысык-Көлгө агызылган.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда айтылгандай, аталган жерден өндүрүштүк же тиричилик саркынды суулары көлгө төгүлүп жатканы тууралуу маалымат тастыкталган эмес.

Белгилей кетсек, Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын долбоору Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

Последние новости