www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов баштаган депутаттар Токио онлайн билим берүү университетине барып, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушту.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Советбек Рустамбек уулу, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу катышты.

Тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-жапон кызматташтыгын өнүктүрүү, академиялык байланыштарды кеңейтүү жана заманбап билим берүү технологияларын киргизүү маселелерин талкуулашты.

Депутаттар университеттин аралыктан окутуу боюнча тажрыйбасына кызыгуу билдирип, анын Кыргызстанда онлайн билим берүүнү өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгилешти. Айрыкча студенттердин Жапонияга барбастан эле сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурушту.

Токио онлайн билим берүү университети санариптик билим берүү платформаларын колдонуу менен аралыктан окутууга адистешкен. Окуу жайдын негизги багыттарына маалыматтык технологиялар, маалыматтык системалар, менеджмент жана социалдык камсыздоо тармактары кирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда өнөктөштүктү бекемдөө, билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

 

Последние новости