www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1969-жылы туулган жаран уруксат берүүчү документтери жок туруп, трансформацияланбаган жер тилкесине турак жай куруу максатында пай дубал тургузган деп шектелүүдө.
Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жер тилкесине уруксат берүүчү документтери жок пай дубал тургузууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине райондун аймагында айыл чарба багытындагы, трансформацияланбаган жер тилкесине турак жай куруу максатында мыйзамсыз пай дубал тургузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси («Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.