www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-сентябрда Ысык-Көл көлүнүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу тилкелерине салмагы 30-35 грамм болгон 1,2 млн карп-сазан чабактары коё берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, чабактар Балык өнөр жай комплекси департаментинин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү тарабынан кое берилди.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Чабактарды коё берүү экосистеманын калыбына келишине, биологиялык ар түрдүүлүктүн өсүшүнө жана региондун балык чарбачылык базасын бекемдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары, Ысык-Көлгө балык чабактарын үзгүлтүксүз коё берүү келечекте балык уулоо көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.