www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан 2005-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалды. Ал 19-сентябрда №212 маршруттук автобуста 30 жаштагы жүргүнчүнү сабаган деп айыпталууда.

Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга жабырлануучунун бир тууганы кайрылган.

Окуянын кесепетинен жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Белгилей кетсек, кармалган М.С.нын жаш баласы бар жана эки айлык кош бойлуу», - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.

 

 

 

 

 

Последние новости