www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык кылган егерь кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Кол ОИИБдин кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана климат боюнча министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы бирдикте , КР жаратылыш ресурстары, экология жана климат боюнча министрлигинин Ысык-Кол регионалдык башкармалыгынын егерь болуп иштеген К.А. Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылып, 5 даана тоо текени атканы тастыкталган. 

Окуя болгон жерди кароо маалында 5 баш тоо текенин баштары жана терилери табылып алынды. Шектүү К.А. Кыргыз Республикасынын Кышмыш жазык-кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Последние новости