www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тескей жээгин өнүктүрүүгө арналган форум өтүп жатат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Азиз Алиев, ошондой эле Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ катышууда.

Мындан тышкары форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ишкерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү да катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, туризм тармагын өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган демилгелер талкууланууда.

Ошондой эле Тескей жээгин комплекстүү өнүктүрүүгө арналган бир катар долбоорлор сунушталып, мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташтыгын чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу жүрүүдө.

Последние новости