www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен 31 миң 900 адамдын колун чогулткан юрист Адилет Мерканов УКМКга чакырылып, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенин билдирди.
Анын айтымында, ал 15-октябрда УКМКда 2,5 сааттай болуп, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча позициясын түшүндүргөн.
Мерканов 14-октябрда чогултулган колдорду жана тиешелүү арызды Жогорку Кеңешке тапшырганын билдирген. Арыз депутаттын сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жаза чараларына байланыштуу айткан сунуштарынан кийин башталган нааразылыкка байланыштуу.
Азырынча УКМК юристтин чакырылганы тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.