www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунда үрөн сактоочу заманбап агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашты.

Маалыматка ылайык, 3-июль күнү Кыргызстанда биринчи жолу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан үрөн сактоочу кампанын курулушу башталды.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, “Кыргыз Агрохолдинг” ААКнын башкы директору Данил Жумабаев жана ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров катышты.

Белгиленгендей, бул долбоор мамлекет башчысынын Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн демилгеге ылайык ишке ашырылууда.

Заманбап агро борбор үрөндүк картошканы сактоо, сорттоо жана логистикалык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Долбоор ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, фермерлерди сапаттуу жергиликтүү үрөн менен камсыздоого жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошору күтүлүүдө.

Последние новости