www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Пешавар шаарында жеке менчик мектептин чатыры урап, кеминде 28 окуучу жана бир мугалим каза болду. Бул тууралуу 15-октябрда The Express Tribune гезити жергиликтүү оорукананын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Медициналык мекеменин маалыматына караганда, каза болгон окуучулардын баары 13 жашка чейинкилер. Ооруканага 30дан ашык жабырлануучу жеткирилген. Алардын айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.
Окуя болгон жерде куткаруу кызматкерлери жана урандыларды тазалоочу атайын техникалар иштеп жатат. Куткаруу операциясы уланууда. Урандылардын астында дагы адамдар болушу мүмкүн.
Хайбер-Пахтунхва провинциясынын губернатору Фейсал Карим Кунди окуяны өтө кайгылуу трагедия деп атап, тиешелүү органдардан чатырдын урашына байланыштуу кеңири маалымат берүүнү жана кырсыктын так себептерин аныктоону талап кылды.