www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту дарыясынын нугунда сел сууларын алып өтүүчү каналдын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган курулуш ӨКМге караштуу Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор мамлекеттик ишканасы тарабынан жүрүүдө.
Учурда каналдын үчүнчү, төртүнчү участокторунда жалпы узундугу 1250 метрде куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле 3 унаа өтүүчү көпүрө курулат.
Долбоор боюнча сел өтүүчү каналдын жалпы узундугу 2500 метрди түзөт. 2025-жылы каналдын 1350 метр нугу жана 4 көпүрө курулган.
Каналды куруу иши аяктаса 60 турак үй, 20дан ашык конок үйү, 3 соода түйүнү, 2 кафе, 3 ат короо жайы, 1 мечит, Каракол — Бишкек негизги унаа жолунун 400 метри сел каптоодон корголот.