www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия бийлиги өлкө Иран менен аскердик жаңжалдын босогосуна чейин жеткенин алгач ирет ачык билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Анкарадагы булактарга таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, Иран Түркия тарапка төрт баллистикалык ракета учурган соң чыңалуу кескин күчөгөн. Ракеталардын бутасы катары америкалык аскерлер пайдаланган Инджирлик авиабазасы жана ирандык ракеталардын учурулушун көзөмөлдөгөн Күрежиктеги радиолокациялык объект көрсөтүлгөн.

Ракеталык чабуулдан кийин Анкара катуу реакция кылган. Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Тегеранга эскертүү берип, өзгөчө жайкын тургундар жабыркаган жаңы чабуулдар жооп чараларга алып келиши мүмкүн экенин билдирген. Түрк расмий өкүлдөрүнүн баамында, калктуу конуштарга сокку урулушу кооптуу чыңалууну жаратышы мүмкүн болчу.

Бирок Иран соккуларды АКШнын аскердик катышуусуна байланыштуу объектилер менен гана чектеп, түздөн-түз кагылышуунун алдын алган.

Кризистин фонунда Түркия НАТОдогу позициясын бекемдеди. АКШ, Германия жана Италия өлкө аймагына кошумча ракетага каршы коргонуу системаларын жайгаштырды. Мындан тышкары, Анкара Перс булуңундагы өлкөлөргө курал-жарак жеткирүү боюнча жүздөгөн миллион долларлык жаңы келишимдерге ээ болду.

Последние новости