www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ири суммадагы алдамчылыкка шектелген 18 жаштагы жигит кармалганын Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрда Ленин райондук ИИБге аял кайрылып, белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 11-сентябрда ага белгисиз бирөө телефон чалып, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, анын банктык эсебинен «Ата Мекенди коргоочулар фондуна» акча которулуп жатканын айткан. Телефон чалган киши бул аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин айтып коркутуп, аялды 6 млн 900 миң сомду банктык терминал аркылуу которууга мажбурлаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголгон. Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн такташып, ал 18 жаштагы К.Э. экендиги аныкталган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Ленин райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Милициянын маалыматына ылайык, кармалган шектүү көрсөтмөлөрүндө Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлоруна таандык SIM-карталарды жана банк карталарын активдештиргенин, ошондой эле дропперлердин (төлөм каражаттарын колдонгон жана акчаны адалдоого катышкан адамдардын) аракеттерин көзөмөлдөгөнүн мойнуна алган. Учурда териштирүү иштери уланып, кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.