www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлиги тарабынан электр тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча берилген тапшырманын алкагында, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 2026-жылы жалпы узундугу 75,5 чакырым болгон 10/0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Пландалган иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:
* Каракол шаарында – 8,6 чакырым
* Чолпон-Ата шаарында – 19,7 чакырым
* Балыкчы шаарында – 5,6 чакырым
* Тоң районунда – 20 чакырым
* Ак-Суу районунда – 6 чакырым
* Жети-Өгүз районунда – 5,5 чакырым
* Түп районунда – 7,7 чакырым СИП зымдары орнотулат.
Ошону менен бирге реконструкция иштеринин алкагында 1100 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Реконструкция иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айына чейин аяктайт.
Мындан тышкары, 2026-жылы жалпы 27,1 чакырым жаңы СИП зымдары курулат жана 588 даана темир-бетон мамылары орнотулат. Учурда 11 чакырым СИП зымдары курулуп, 167 темир - бетон мамылары орнотулуп бүттү.
Ал эми 2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча 90 чакырым СИП зымдары тартылып, 1300 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылган. Белгилей кетсек, алмаштырылып жаткан жыгач мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, авариялык абалга келген.
СИП зымдарынын негизги артыкчылыгы – алар карга, жаан-чачынга жана катуу шамалга туруктуу болуп, ошондой эле бак-дарактардын тийишинен келип чыккан авариялык өчүрүүлөрдү дээрлик толугу менен жоёт.