www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери суракка алып кеткени айтылды.
Мунун алдында ал Фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын тергөөчүсүнүн тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы тууралуу материалын жарыялаган. Анда Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат.
Буга байланыштуу Tolekan Ismailova деген баракчанын ээсине карата ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө жеткирүүнү камсыз кылуу жазылган.
Укук коргоочунун милиция кызматкерлери аны суракка алып баратканы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу ички иштер мекемеси комментарий же маалымат бере элек.