www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кенешинин 2026-жылга карата алгачкы отуруму болуп өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү катышты. Алгач жыйындын башында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Самат Медеров 2025-жыл ичинде Фонд тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Фонддун жыл ичиндеги ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери, ишкерлерге берилип жаткан пайызсыз насыялар туурасында отчет берилди.
Ошондой эле, 2026-жылга карата райондор жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык план бекитилип, тармактар боюнча бөлүндү. Жыйындын сонунда берилген сунуштарды эске алуу менен бирге, Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан жылдык план бекитилип, тармактар боюнча каржылануу чечими кабыл алынды.