www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Белгиленген маалыматтар боюнча, 1996-жылы 2200 чарчы метр жер тилкеси менен бирге, жалпы аянты 533,3 кв.м болгон бала бакчанын имараты курулган, Кыргыз Республикасынын Президентинин ошол кездеги 1995-жылдагы № УП-37 Жарлыгын бузуу менен «Нур-КМ» акционердик коомунун жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.   Ошол эле учурда Президенттин Жарлыгында социалдык инфраструктура объектилери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан эгерде мындай объекттер алардын балансында турса же менчиктештируу процессинде аларды пайдалануунун калыптанган тартибин сактоо шартында акысыз берилген болсо мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан сатылууга жатпайт деп ачык көрсөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында социалдык объектинин ээси өзүнүн менчигинин мыйзамсыз экенин түшүнүп, бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин мамлекетке өткөрүп берүү боюнча өз ыктыяры менен кайрылган.

УКМК мыйзамсыз менчикке алынган социалдык объектилерди аныктоо жана кайтаруу иштери уланып жатканын белгилейт.
 

Последние новости