www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майында Ысык-Ата районунун ИИБ нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарындагы ооруканадан кабыл алуу бөлүмүнөн ар кандай дене жаракаттары менен 1991-жылы туулган, Кант шаарынын тургуну П.Н. аттуу жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, дароо алдын ала текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө П.Н. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 30-апрелинде болжол менен саат 23:30 чамасында Кант шаарында белгисиз, азиялык келбеттеги, болжол менен 25–30 жаштагы адам себепсиз түрдө ага дене жаракаттарын келтиргендигин билдирип, тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган Н.М. аттуу жаран шектүү катары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.
 

Последние новости