www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21–23-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуусу өткөрүлөт.

Окуу-машыгуунун жүрүшүндө аскердик абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча окуу-күжүрмөн тапшырмалар аткарылып, резервдик түзүлүштөр практикалык түрдө чакырылат.

Ошондой эле стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо, блок-постторду коюу иштери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жана резервдик түзүлүштөр тарабынан уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын катышуусуна, аскердик техниканын кыймылына жана резервисттерди мобилизациялоо иш-чараларына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандарды сабырдуулук сактоого жана өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Последние новости