www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бранденбург федералдык аймагынын Парламентинин Президенти Ульрике Лидтке менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Марлен Маматалиев Германия федеративдүү мамлекет экендигин белгилеп: «Андыктан, бул өлкөдө федералдык аймактардын парламенттеринин да ролу өтө чоң. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш менен Бранденбургдун парламентинин ортосундагы туруктуу байланышты калыптандырып, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу биз үчүн өтө маанилүү», – деди. 

Андан сырткары, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана миграция жаатында да тыгыз иш алып баруу сунушун айткан Марлен Маматалиев 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын Мекленбург-Алдыңкы Померания федералдык аймагынын Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлганын, ушундай эле макулдашууну Бранденбург менен түзүүгө болорун жүйө келтирди. Эгер меморандумга кол коюлса, квалификациялык кадрларды даярдоо жана аларды ишке орноштуруу багытындагы кызматташтыкты калыптандырууга көмөкчү болорун кошумчалады.  

«2025-жылдын февраль айынан бери Бишкекте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын аймактык өкүлчүлүгү иштеп, жаштарыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Эми Бранденбург федералдык аймагындагы университеттер менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда түз байланыштарды түзүп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кош дипломдук программаларын өнүктүрүү маанилүү деп эсептейм», – деди Төрага. 

Ошону менен катар Кыргызстандагы инвестициялык климат жана инвесторлорго түзүлгөн шарттар тууралуу сөз кылган Марлен Маматалиев германиялык ишкерлерди кызматташууга чакырды. 

Өз кезегинде Бранденбург федералдык аймагынын Парламентинин Президенти Ульрике Лидтке өзү жетектеген органдын ишмердүүлүгү жана аймактын өзгөчөлүктөрү тууралуу учкай кеп кылып, 30 миң чарчы километрди түзгөн аймакта 2,6 млн калк жашарын маалымдады. 

Мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө, бюджетти бекитүү жаатындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылган Ульрике Лидтке Бранденбургдун жалпы казынасы 17 млрд евро экенин жана чыгымдардын көпчүлүгү жергиликтүү бюджеттен жабыларын кошумчалады. 

«Андыктан, сиздер менен тажрыйба алмашып, ортодогу мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу аркылуу алакаларды арттырууга кызыкдарбыз», – деди Ульрике Лидтке. 

Мындан тышкары, чындыгында эле кесипкөй кадрларга болгон муктаждык чоң экенин айткан Ульрике Лидтке аларды жергиликтүү окуу жайларда даярдоо мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. 

Тараптар аталган багытта кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти. 

 

Последние новости