www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Документке ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 4 848 000 (төрт миллион сегиз жүз кырк сегиз миң) сом бөлүү тапшырылат:
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдар жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдар.