www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйынды депутаттык топтун жетекчиси Талант Мамытов ачып, күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолду. Ал өз сөзүндө депутаттык топтун ишмердүүлүгүндө тартиптүүлүк, натыйжалуулук жана элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюу негизги багыт бойдон каларын белгиледи.

Жыйындын алкагында депутаттар тарабынан өлкөдөгү экологиялык маселелер, аймактардагы инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу уюштуруу боюнча сунуштар айтылды.

Талант Мамытов бардык көтөрүлгөн маселелер өз убагында жана сапаттуу аткарылышы зарыл экенин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишти күчөтүү зарылдыгын баса көрсөтүп кетти. “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу мындан ары да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди активдүү илгерилетүүнү улантат», - деди депутаттык топтун жетекчиси.

Последние новости