www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда адамды таң калтырган окуя коомчулуктун көңүлүн бурду. Мындан 26 жыл мурда киши колдуу болуп каза болгон аялдын иши жаңы технологиялардын жардамы менен гана ачылды.

1999-жылы 32 жаштагы Намико Такабу өз батиринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ошол учурда миңдеген полиция кызматкерлери тартылган ири иликтөө жүргөнүнө карабастан, кылмышкер табылган эмес.

Маркумдун жолдошу Сатору бул трагедиядан кийин үмүтүн үзгөн эмес. Ал 26 жыл бою кылмыш болгон батирди өзгөртпөй сактап келген. Күйөөсү батирди тазалабай, ал тургай кандын тактарын да калтырган. Максаты келечекте өнүккөн технологиялар пайда болуп, иш ачылат деген ишеним болгон. Бул аралыкта ал батирдин ижара акысына жалпысынан 22 миллион йенден ашык каражат сарптаган.

Акыры анын үмүтү акталды. 2025-жылы жаңы ДНК анализ ыкмаларынын жардамы менен кылмышкер аныкталды. Ал Саторунун мурдагы классташы Кумико Ясуфуку болуп чыккан. Тергөөдө белгилүү болгондой, ал Саторуга жашыруун ашык болуп, анын жубайы менен урушуп кеткен соң 28 жолу бычак сайып өлтүргөн.

Последние новости