www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.

Текшерүүнүн натыйжасында токтотулган унаанын жүк жүктөөчү бөлүгүндөгү жашыруун жайдан акциздик маркасы жана коштомо документтери жок «Орис» маркасындагы 950 даана (9 миң 500 куту) тамеки табылган.

Бул факт боюнча материалдар жана тартып алынган товарлар укуктук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок тамеки жана алкоголдук продукцияны сатуу жана ташуу салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат. Өлкө аймагында акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо боюнча иштер туруктуу негизде улантылууда.

Последние новости