www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январда Кыргызстандан сыртка 56 млн. доллар которулду

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 56,4 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында айтылат.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карта) жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болууда.

Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллион долларга аз.

Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. Алсак, январда өлкөгө 259 миллион доллар которулган, анын басымдуу бөлүгү Россиядан келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости