www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айында орточо айлык акы 45 миң сомду түздү

2026-жылдын январь айында орточо айлык акы 45 миң 797 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, баалардын көтөрүлүшүн эсепке алганда, айлык акынын реалдуу өлчөмү 6,3 пайызга жогорулаган.

Төлөмдөрдүн өсүшү ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө катталды. Эң байкаларлык жогорулоо төмөнкү тармактарда болду:

  • административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 49,4 пайызга;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү — 35,8 пайызга;
  • энергетика (газ, электр энергиясы жана буу менен камсыздоо) — 30,5 пайызга;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 27,8 пайызга;
  • кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар — 23,1 пайызга;
  • айыл, токой жана балык чарбасы — 25,3 пайызга

Последние новости