www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вучич: Сербияны оор күндөр күтүп турат

Сербияны оор мезгил күтүп турат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Вучич эскертти.

Президенттин айтымында, акыркы 48 саатта азыр айтуу оңой эмес маанилүү билдирүүлөр болду.

«Алар Сербиянын жана Серб Республикасынын (Босния жана Герцеговинадагы эки субъект) маанилүү улуттук кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирет. Жакынкы күндөрдө мен серб элине алдыда турган бардык кыйынчылыктар тууралуу маалымат берем. Бул дайыма эле кыйын болот. Биз күрөшөбүз, Сербия жеңет”, - деп жазды Вучич социалдык тармакка.

Вучич так эмнени айткысы келгенин тактаган жок. Бирок Сараево радиосунун айтымында, президент айтып жаткан коркунучтун эки башка версиясы бар. Буга Косовонун Еврокеңешке кошулуусу тууралуу кабар же Босния жана Герцеговинанын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр себеп болушу мүмкүн.

Ал арада Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич Косовонун Европа Кеңешине мүчөлүк арызы талкууга алынаарын билдирди. Анын пикиринде, бул бардык эл аралык нормаларды бузуу болуп саналат.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган Косово 2022-жылдын 12-майында расмий түрдө Европа Кеңешине мүчөлүккө кайрылган.

Кечээ, 27-мартта Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Саясий иштер жана демократия боюнча комитети бирдиктүү күн тартиби менен жыйын өткөрүп, Косовонун Кеңешке мүчөлүк арызын талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости