www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркиянын чек ара бекеттеринде өлкөгө кирип жаткан чет элдиктер кылдат текшерилип жатканын билдирди.

"Бул иштин алкагында Стамбул эл аралык аэропортунда 20-35 жаштагы чет өлкөлүктөргө карата көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Кыймыл-аракети шек жараткан жүргүнчүлөрдү миграциялык кызматтын өкүлдөрү суракка алган, ошондой эле алардын жеке уюлдук телефондору текшерилген учурлар болууда", – деп жазылган консулдуктун расмий билдирүүсүндө.

Мындан тышкары терроризм жана адам сатуу сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар деп шектелгендер, тыюу салынган товарларды өлкө аймагына алып кирүүгө аракет кылгандар алдын ала эскертүүсүз эле кайра өз өлкөсүнө жөнөтүлүп жатканы маалымдалды.

"Алсак, быйыл январь-февраль айларында 163 өзбекстандыктын 54ү Түркияга киргизилген жок. Алар буга чейин Түркияда болуп, бул өлкөдө мыйзамдарды бузган. Бул окуяга байланыштуу биздин жарандардын бардык даттануулары менен нааразылыктары дипломатиялык каналдар аркылуу түрк тарапка жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул боюнча расмий адамдар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", – деп билдиришти консулдуктан.

Өзбек жарандарына бардык жергиликтүү мыйзамдарды сактоо, бул өлкөгө баруунун алдында дипломатиялык миссиялардан Түркияга кирүүгө тыюу салынган-салынбаганын тактап алуу сунушталат.

Күн мурун Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги өлкө жарандарын Москва облусундагы теракттан кийин Орусиядагы күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын талаптарын эске алууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости