www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда, мамлекеттик сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.

Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты.

Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Последние новости