www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Аляскада жашаган Марк Уорренге жаңы «Урал» мотоциклин белекке берди. Бул белек тууралуу АКШдагы Россия элчилигинин кеңешчи-элчиси Андрей Леденев билдирген.
Леденевдин айтымында, «Бул Россия Федерациясынын президентинин жеке белеги экенин айтышым керек». Мындай белек Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусуна бир нече күн калганда берилди. Уоррен журналисттерге антироссиялык санкциялардан улам эски «Урал» мотоциклине тетик табуу кыйындай түшкөнүн билдирген. Репортаждан кийин россиялык дипломаттар америкалык жаранды издеп таап, ага жаңы мотоциклди белек кылышкан.
Марк Уоррен мотоциклинин жаңы моделин айдап көрүп, «Бул мотоцикл кыйла жумшак иштейт, айдаганда абдан жагымдуу. Мага эскиси да жагат, бирок бул, албетте, кыйла жакшы» — деп өз таасирлери менен бөлүштү.
Ишемби күнү Аляскада Владимир Путин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Лидерлердин жолугушуусу Анкоридждеги Элмендорф-Ричардсон аскер базасында болуп, «үчкө үч» форматындагы тар чөйрөдөгү маек 2 саат 45 мүнөткө созулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Россия лидери тараптар ортосунда түшүнүшүү болгонун жана бул Украинадагы тынчтыкка жол ачаарын белгиледи. Эки президент тең жаңжалдын аяктоосу үчүн иштөөгө даяр экенин билдиришти. Трамп болсо россиялык жана батыштык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын кагылышын токтотуунун эң жакшы жолу жөн гана убактылуу ок атышпоо эмес, тынчтык келишими экенин айтты. Европа Биримдигинин лидерлери өз кезегинде Европанын санкциялык басымды улантууга ниеттенгенин биргелешкен билдирүүдө жарыялашты.