www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-октябрда, Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин ортосунда 2026–2028-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документке Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С. Боёнов кол койду.
Макулдашуунун негизги максаты — билим берүү тармагындагы социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу, кызматкерлердин эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Ошондой эле тараптардын кызматташуусун бекемдөө, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин социалдык корголушуна, эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоого шарт түзүүгө багытталган иштерди улантуу каралган.
Белгилей кетсек, мындай эки тараптуу макулдашуу жыл сайын түзүлүп келет.