www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновду 4-сентябрга чейин камакка алды. Бул чечим Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өтүнүчү менен чыгарылган.
Соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Ормоновго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылууда. Азырынча ИИМ бул иш боюнча кошумча маалымат бере элекенин ОшТВ жазып чыкты.
Жапарбек Ормонов 2023-жылы Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалган. Буга чейин ал Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган. 2020-жылкы Жогорку Кеңеш шайлоосунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде болгон.