www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Молдомуса Конгантиевге жасалгандай зөөкүрлүк, жапайычылык мындан ары кайталанбашы керек», - деди NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Жылдызкан Жолдошова.

Молдомуса Конгантиев чыныгы генерал, өтө адамгерчиликтүү, жөнөкөй жана эң негизгиси кекчил эмес болчу. Мына ошол кекчил болбогону үчүн 6-апрелде ур-токмокко алынды. Мындай көрүнүш, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дагы генералдар кармалса мынчалык ур-токмокко алып, азаптачу эмес. Молдомуса Конгантиевге жасалган бул жапайычылык кыргыздын салтына шайкеш келбеген, тарыхка кара так болуп калды.

Эми ошол 6-апрелде генерал Молдомуса Конгантиевди ур-токмокко алган ОПГнын адамдары болобу же башкабы ага карата зөөкүрлүгү үчүн анын арбагынан кечирим сурашы керек.

Эң негизгиси, эми мындан ары генерал Молдомуса Конгантиевге жасалгандай зөөкүрлүк, жапайычылык мындан ары кайталанбашы керек», - деди Жолдошова.

Булак: NazarNews.Kg

Последние новости