www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Федерация кеңеши президент Владимир Путиндин кайрылуусунан кийин Орусиянын куралдуу күчтөрүн өлкөнүн аймагынан сырткары жерде пайдаланууга уруксат берди. Мындай чечим 22-февралда пленардык отурумда кабыл алынды, деп билдирди «Лента.Ру».

Токтомдо камтылган маалымат боюнча, төрайым Валентина Матвиенко кол койгондон тарта Донбасска аскерледи киргизүүгө уруксат берилет. Донецк менен Луганск Эл Республикаларынын көз карандысыздыгын Орусия тааныган. Тиешелүү чечимди президент Владимир Путин кабыл алды.

Ошондой эле, Путин орус элине кайрылып, Украина 1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин большевиктер тарабынан түзүлгөнүн, анын «автору жана архитектору» Владимир Ленин болгонун билдирди. «Украинага Владимир Ильич Лениндин ысымын ыйгарса болот», - деди Путин. Андан тышкары, Украинанын бийлигин «куурчак» деп атады.

21-февралда өздөрүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк менен Луганск Эл Республикаларынын башчылары Путинге кайрылып, алардын көз карандысыздыгын таанууну суранган. Ошондон кийин Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Жыйын учурунда Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин Донецк менен Лугансктын Орусия курамына кирүүсүн колдой турганын айтып алган. Путин анын сөзүн оңдоп, жыйында башка маселе каралып жатканын билдирген. Донецк менен Луганск Украинанын облустары.

Булак: NazarNews.Kg

Последние новости