www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынан подполковник Василий Прозоровдун автоунаасын жардырып жиберди деп шектелип жаткан украиналык агентти кармаганын билдиришти.

Видеодо ал Россиянын жараны экендигин, 2010-жылдан бери Украинада жашап, былтыр ноябрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү тарабынан тыңчылыкка азгырылгандыгы маалым болду.

2024-жылы февралда Москвага келип, Toyota Land Cruiser Prado автоунаасынын кайда жүргөнүн аңдуу буйругун алган. Көп өтпөй бомба жасоо керектиги айтылган. Болжол менен 9-апрелде жарылгыч затты жолтандабастын алдына байлоого көрсөтмө беришип, ал аткарылган. Үч күндөн соң, 12-апрелде, автоунаа жарылган. Автокөлүктүн ээси Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы подполковниги Василий Прозоров болгон.

Шектүү мамлекетке чыккынчылык жана теракт жасаганы үчүн жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтышты. Жардырууну уюштургандар менен катышкандарга издөө жарыяланды.

Прозоровдун жардамчысы анын колунан, бутунан өтө оор эмес жаракат алгандыгын жана эс-учун жоготпогондугун, учурда ооруканада жатканын агенттикке кабарлаган.

Прозоров 2014-жылга чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын Запорожье облусундагы башкармалыгында иштеген. Ошол жылы Киевге атайын кызматтын борбордук аппаратына которулуп, антитеррордук борбордо кызмат өтөгөн. 2018-жылы Россияга көчүп келген. Соңку жылдары Киевдин согуштук кылмыштарын иликтөө боюнча иш алып барып жаткан.

Будак:NazarNews.kg

Последние новости