www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет тармагында Россиянын президенти Владимир Путиндин Россия1 телеканалына берген маегиндеги үзүндү талкууга түштү. Анда Путин мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттердин жери орус элине тиешелүү деген маанидеги сөздү айткан. Алып баруучу: "Жакында бизде абдан маанилүү саясий окуя - коронавирус пандемиясы болгон бир нече айдын ичинде алган тажрыйбаларыбызды эске алуу менен алдыда акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү күтүлүүдө. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн актуалдуулугу мурункудан да жогоруладыбы?", - деген суроо узаткан.

"Ооба, Россиянын азыркы Баш мыйзамы өзгөчө мезгилде кабыл алынган. Ички саясий кырдаал курч болуп турганда, танктар парламентти көздөй атып жатканда, Москвада адам өмүрүн алган кагылышуулар болуп жатканда кабыл алынган. Бүгүн Кудайга шүгүр, ички саясий абал туруктуу. Бирок биздин суверенитетке байланышкан нерсени айтсам, СССРди курууда, келишимде андан чыгуу укугу тууралуу жазылган. Бирок чыгуу процесстери жазылбагандыктан суроо жаралат. Эгерде республика СССРдин курамына кирсе, бирок өзүнө салттуу Орусиянын тарыхый аймагын, Орусиянын ири аянттагы жерин алса, андан кийин бул Союздан чыгууну чечсе өздөрү эмне менен келсе ошол менен кетишпейт беле. Өздөрү менен кошо орус элинин белегин алып кетпей", - деген Россиянын лидери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости