www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия маалында ар кандай абалга туш болуп, психкалык жактан жабыркап, оорунун көбөйгөнү тууралуу маалыматтардан чарчап турган адамдар психологдун жардамына муктаж абалда  турган учуру. Коркуу сезиминен арылуунун жолдору тууралуу NazarNews маалымат  агенттиги психолог Сейил Жээнбек кызынын кеңештерин  сунуштайт.

Коркуу сезими кадимки сезим. Адам баласын ар кандай кооптуу учурлардан коргой турган, аман калууга өбөлгө түзүп турган, биздин аң-сезимге мүнөздүү болгон сезим. Бирок бүгүнкү күндө, эмоцияналдык коркунучка дуушар болуп жатабыз. Мисалы, күн сайын соцтармактардагы кабарларды окуганда каалайбызбы, каалабайбызбы бизде эмоцияналдык коркунуч пайда болот. Ал коркунуч пайда болгондо, денебиз менен мээбиз денелик жактан коркунучка туш болуп атабызбы, же эмоцияналдык эле коркунуч болуп атабы? Тилеке каршы  мээбиз алардын ортосундагы айырманы көрбөйт. Алыста туруп алып эле коркуп атсак, анда биздин денеде гормондор бөлүнүп чыга баштайт. Демек, окуган негативдүү маалымат эмоцияналдык коркунучту пайда кылат. Ал учурда дене кортизол, отриналин гормондорун чыгара баштайт. Бул маалда биздин денебиз согушууга же качууга жөндөмдүү болуп калат. Картизол гормону керектүү учурда бизге аябай жардам берет. Бирок биздин азыркы абалда күн сайын окуп аткан маалыматтарыбыз, күн сайын угуп аткан кабарларыбыз, организмде кортизолдун жогорку деңгээлде болушуна себепкер болуп атат. 

Ал эми кортизол дайыма жогорку деңгээлде болгондо бизге кандайча таасир этет? Ал учурда медицинанын тили менен айтканда, биздин денеде реакция башталат. Жүрөктүн согушу тездеп, кан басым жогорулайт. Бүт денедеги кан тамырлар жыйырылат. Сиңирүү жайлайт же болбосо таптакыр токтойт. Каректерибиз кеңейет, канттын деңгээли көтөрүлөт. Ыкчам түрдө рефлекстер иштелип чыгат. Эмне үчүн бизде бул нерселер болот, анткени биз корккондо мунун баардыгы өзүбүздү-өзүбүз сактоо , инстинггине мүнөздүү реакциялар. Бул баарынан күчтүү инстинг. Бирок бул нерсе кайра-кайра боло берсе, башкача айтканда кортизолдун деңгээли бизде түшпөсө, анда дененин жалпы алсырашы, терс кесепеттер келет дагы, денеде калтырап титирөө, иммундук система төмөндөй баштайт. Натыйжада ооруга тез кабылабыз, жугузбасак да биздин денебиз ооруга жөндөмдүү болуп калат. Демек, болуп жаткан коркунуч менен тил табышканды, коркунучту башкарганды үйрөнүшүбүз керек. Коркунуч акылыбызды башкарып албашы керек. Антпесе, коркконго кош көрүнөт болуп акыл менен иш кыла албай калабыз.

Коркунучка каршы эмне кылса болот?

Коркунучка карама-каршы бул кайраттуулук, ишеним, үмүт жана сүйүү. Билесиздерби, бүгүнкү күндө элибиздин бири-бирине жардамга кол сунуп, кам көрүп жатканы аябагандай жакшы көрүнүш. Анткени биз качан башкага кам көргөндө бизде дагы бир жакшы окситоцин гормону иштелип чыгат. Бул гормон биздин денебиздеги кортизолду төмөндөттөт жана денебизге жакшы таасирин тийгизет. Ошондуктан бул күндөрү жакын адамдарыбыз менен баарлашуу, керек болсо, соцтармактардагы чаттардан сүйлөшүү, стресс абалында социалдык байланыштар өзүнүн оң таасирин тийгизет. Ал эми жалгыз калуу, изоляция коркунучту ого бетер жогорулатат. Айта турган болсок, коркунучтан аарылуу үчүн физикалык активдүүлүк спорттун түрлөрү, 20-30 мүнөт көнүгүүлөрдү жасаганда бизде кортизолдун деңгээли төмөндөйт жана иммунитетке да жакшы таасирин тийгизет.

Терең дем алууга көңүл буруу зарыл

10 жолу терең дем алып, демди жай чыгарсак, денени бош таштаганга өбөлгө түзөт. Нервтик системамыбызды бекемдейт жана бакубаттуулук, бейкуттуулук сезимин алып келет. Бул өтө маанилүү. Коркуп тынчсыздануу болуп атканда ушул көнүгүүнү сунуш кылам. 

Убактылуу болсо дагы, ошол кырдаалды унуткара турган тамашакөйлүк, юмор, позитивдүү кабарлар, күлкү терепиясы, музыка терапиясы, маанайды көтөргөн ырларды угуу чоң жардам берет.

Коркунучка туш болгон адам ойлорун иреттей алабы?

Соцтармактарга жазганыбыз, оозубуздан чыккан сөздөр адамдарга оң таасир береби, же терс таасирин тийгизеби? 

Коркуп аткан адам коркунучту көзөмөлдөй албайт. Андыктан коркунуч жөнүндө сүйлөшүү коркуну азайтат.  Мындайда психологго кайрылуу да чоң роль ойнойт. Же сиз ишенген адамдарыңыз менен эмнеден коркуп жатасыз, кандай ойлор келип атат. Негизи эле коркуу сезими тууралуу сүйлөшүү, аны ичиңизден чыгарып салуу өтө чоң мааниге ээ.

Кантип туура ой жүгүртөбүз?

Менин сүйлөгөнүм менин ой жүгүртүүмө таасир этет. Менин ойлорум сүйлөшүүлөрүмө таасир этет. Адамдын оозунан чыккан сөз абалыбызга чоң таасир этет. Ошол себептен ар бир жаранды чакырып кетет элем. Соцтарматарга жазып аткан сөздөрүбүз адамдын жан дүйнөсүндө кайраттуулукту, үмүттү пайда кылабы же тескерисинча үмүтүн өчүрүп дүрбөлөңгө түшүрөбү. Мына ушул нерселерди эске алып, оозубуздан чыгып аткан сөзүбүздү, берип аткан маалыматыбызды көзөмөлдөөгө аракет кылсак, жаман ойлордон аарылууга жардам берет.

Дүрбөлөңгө түшпөөнүн жолдору

Учурда болуп аткан кырдаалга сиз баа берүүңүздү өзгөртмөйүнчө сиздеги тынчсыздануу сезими өзгөрүлбөйт. Башкача айтканда ички сүйлөшүүңүздү өзгөртүңүз. Мисалы, кайсы бир адам өтүп кетиптир, кайсы бир адамдын оорусу күчөп кетиптир десе, сиз мен дагы өтүп кетсем эмне болот. Менин оорум да дал эле ошондой болуп калса эмне болот деп алдын ала, болбой эле турган нерселерден божомолдоп, корко берсеңиз анда сизди жаман ойлор каптайт.  Бул учурда сиз  коркуу сезимиңизди башкаруу үчүн  өзүңүз менен болгон диалогду түздөңүз.

Эмне үчүн  бир адамдын ден соолугу экинчи адамдын ден соолугуна окшош эмес?

Ар бир психкалык абал индивидалдуу, ошол себептен ал өтүп кеткен адамдын башка бир өнөкөт оорулары бар болгондур,  же ошол учурдагы психологиялық  сезимдери себеп болгондур. Көп учурда мен өз алдынча дем ала албайм. Мен дем ала албай калуудан коркуп атам деген сөздү кайра-кайра өзүбүзгө айтканда биздин мээбизге ошол команда келет. Мага ушундай команда келип атат дейт дагы, кайра сиздин дем алууңузга  сен дем ала албайсың деген команданы жиберет. Ошондуктан ички ойлорду болушунча иреттегенге, жакшы ойлорду ойлогонго, үмүттөнгөнгө, кайраттанганга, башка адамдарга кам көрүүгө жумшаңыз. Эгер сиз ушул кырдаалга эле "фокус" кылып алып, баардыгы жаман болуп атат деген кабар менен жашай берсеңиз сиздеги коркуу сезимин чакырат, иммунитетти төмөндөттөт.

Жогоруда айтылгандай эле, жаман ойлор келе атканда эле, өзүңүздү пазитивге буруңуз. Ошондо ойлоруңуз оңолот, ойлоруңуз оңолсо, сезимдериңиз оңолот. Сезимдериңиз оңолсо, албетте иш-аракетиңиз оңолот. Биз бул абалдан чыгабыз, барыбыз чогуу жеңебиз. Оорубаңыздар!

Кумара Сагыналиева, NazarNews.kg

Последние новости