Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматтан бошотулду
Расмий кабарлар  |   |  2431

Эринес Оторбаев Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Анда Оторбаев Эринес Мотойович Кыргыз мамлекетинин Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Эринес Оторбаев бул кызматка 2015-жылы 24-июнда дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями