www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери тарабынан муунтулдум деген жаран журналисттерге кайрылды.

Жабырлануучунун айтымында, кечээ, 13-июлда ал "Ала-Тоо" аянтынан өтүп бара жаткан жана митингге катышайын деген ою да жок болгон. 

"Аянтта митинг өтөрүн билген да эмесмин. Мен көчөдөн өтүп бара жатып, бир нече кишинин качып баратканын көрдүм. Артка бурулганда, мени милиция кызматкерлери кармап, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн №5 шаардык милиция бөлүмүнө алып барышты. Менин митингге эч кандай тиешем жоктугун милиционерлерге түшүндүрүүгө аракет жасадым, бирок  алар мени баары бир кармап кетишти", -  деди жабырлануучу.

Ал бөлүмгө келгенден кийин аны кандайдыр бир залга киргизишкенин жана андан бир нече саат отуруп туруусун сураганын кошумчалады.

"Дагы бир жолу милицияга менин мыйзамсыз кармалганымды түшүндүрүүгө аракет кылып, мени бошотууну талап кылдым. Бирок алар мени суракка алып, андан кийин коё беребиз деп айтышты. Ошондо кармана албай, болгон оюмду айттым. Анан алар мени кармап, муунтуп башташты" - деди жабырлануучу.

Анын айтымында, лейтенант наамы бар эки милиция кызматкери анын колун толгоп, сабап салышкан, ал эми үчүнчүсү - милиция майору аны муунткан. 

"Ооруканада дарыгерлер менин колумдагы көк ала тактарды, мойнумдагы издерди жана эриндин жарылуусун жазышкан. Түштөн тарта мен мыйзамсыз кармалдым жана ошол убакка чейин алар өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракети үчүн милицияга доо арыздан баш тартууну талап кылышты. Алар видео социалдык тармактарга тараганын жана адамдар бул видеого аябай толкунданганын айтышты. Ошондуктан алар менден "өзүмдү жаман сезгендиктен жардам беришти" деп айт дешти. Мунун баары калп. Эпилепсия болгон эмесмин, үч милиционер мени сабап салган. Эртең мен сөзсүз прокуратурага арыз жазам", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков расмий түрдө ооруп жатканына байланыштуу өргүүдө экенин айтканы менен социалдык тармактарда милиция кызматкерлери ал жигитти эпилепсия оорусунан сактап калган деп ишендирүүдө. Ошол эле учурда жарандар алдамчылыкка аралашкандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Пострадавший: Милиция врет, что у меня был приступ эпилепсии. Меня душили

Пострадавший: Милиция врет, что у меня был приступ эпилепсии. Меня душили

Булак: NazarNews.kg

Последние новости