www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан Кубанычбек Конгантиевдин ордуна 21-округдан Жогорку Кеңешке Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиш керек эле. Бирок дээрлик бир айга чукулдап калган убакыттан бери мандат берилбей жатат.

Бул боюнча БШК Айдарбековго карата ИИМге кылмыштуулукка кириптер болбогонун тастыктоо максатында өтүнүч келтирилгенин, жообу келгенден кийин маселеге чекит коюларын билдирген. 

Ал эми Айдарбеков болсо, ИИМ 3 күндүн ичинде эле конкреттүү жооп бериши керектигин, андан бери дээрлик 19 күн өткөнүн, ага карата каралоо болуп жатканын, мындай иштин артында тургандарга карата мыйзамдуу чара көрүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын айтып, билдирүү жасады. 

Сыягы, Айдарбеков жыландын куйругун басып алган бир мандемдүү ишке тушугуп мандат алалбай жаткандай. Болбосо, чындап куйругунда калбыры бар. Эми аны жакынкы убакта тиешелүү органдар ак же көк деп жоопторун айтышса керек. Негизгиси ак жеринен тагдыр талкалаган оюндарга жол берилбеши кажет.

 

 

 

 

 

Последние новости