www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конор Москвада журналисттерге жабык пресс-конференция берип жаткан учурунда аны бир дагестан улутундагы жаран бөтөлкө менен чаап жибергени, ал эңкейе коюп бөтөлкө тийбей калганы боюнча видео интернетке тарады.

Анда бөтөлкө ыргыткан дагестан: “Эмне үчүн биз (дагестандар –ред.) коркокпуз!? Сага менин атам, менин агам эмне кылды? Акмак! Оозуңду жаап жүргүн, акмак!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, 24-октябрда Конор Макгрегор Москвага келип россиялык журналисттер жана блогерлер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Анда Конор: “Хабиб мени менен Москвада мушташуудан коркот. Ал болгону кимди жеңүүгө көзү жетсе, ошону менен гана рингге чыгат. Баарыбыз билебиз, дагестандар ким экенин. Алар Хабибге окшоп коркуп кача беришет. Мына, Хабиб өзүнүн пресс-конференциясынан да коркуп качып кетти”, - деп айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости