www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болобу, анткени жагалданып жылмайгандан алдына киши салбаган  адам бар. Мырза-Акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантѳрѳ Жолдошевич. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева  келишимдүү жигитти Бишкек-Ош автожолун «эксплуатация» кылуу боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуатационник» Сатыбалдиев «эксплуататор» Акаевге жагыныш үчүн үч кабат асфальт жолдун бир кабатын майга сүйкѳп Акаевге  сугунтуп койду эле, жолдун бети жукарганы менен, Акаевдин бети калыӊдап, тамылжып турду. Ошол жукарган жолдун бүгүн тамтыгы чыгып баратат, Акаев болсо качып кетти, «май кармаган бармагын жалайт» дегендей, кантип Сатыбалдиев «бармагын жалабасын». «Эксплуататор» Бакиевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев «эшек такалабай» эле, Ош облусуна кошуп, Түштүктү бүт «эксплуатациялап» жүрдү. Анын жыйынтыгын 2010-жылдын июнунда кѳрдүк.

Отунбаеванын тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев Ош шаарынын курулушун  эксплуатациялоо боюнча директору болду. Келечектеги «эксплуататор» Жантөке Атамбаевдин колтугуна суу бүркүп  президенттик аппараттын башына, андан аттап ѳкмѳт башына келди. «Бүркүт карыса чычканчыл болот» дегендей, Жантѳрѳ  мырза бакиевдик бийликти кулаткандарды аӊдып жүргөн. А бирок ар бийликке мурдун сүйкѳп жүрүп мурду «бучук» болуп калган. Таппасаӊ сыйпалап кал, «вазири бучук болсо, ханы эмне болот» деп койчу эле? Сатыбалдиевдин ѳкмѳтү «Кумтѳр» менен ТВЕАга асылган бойдон коштошпой кете берген. “Кыңыр иш кырк жылдан кийин” дейт, 120 миллиард сомдук менчик машинеси бар Жантөрө Сатыбалдиевдин “пачагы” беш-алты жылда эле чыгып, баткакка тыгылган бойдон чыкпай турат. Сатыбалдиев ТЭЦти шимирип ийгени үчүн акыйкат алдында жооп берип жатат. Арийне, ал жол көрсөткөн “Ихлас” “иха-иха” деп эшекче айкырганы менен аргымактай арыштап баратат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости