www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки убакытта бардыгы эле спортчуларга жабышты да калды. Айрыкча саясатчыларың дал ушул спортчулардан чеп кургандай.

Ар кимиси алына жараша бир федерация менен мамиле кургусу келет. Бул эмнеден болду экен? Жакшылап ойлонуп көрсөң, чиновник, бизнесмендериң келечегин ойлоп, алардан колдоо күтөт окшойт. Алардын катарынан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков дагы кем калышпайт.

Бул үлкөн адам WEF эрежесиз эр уруш федерациясы менен мыкты мамиледе. Жакында ал Рыскул Ибрагимов аттуу бир чемпионду кубантып, Toyota Camry 50 автоунаасын белек кылды. Эң кызыгы ал унаа чыкыйып, заводдон чыккан эмес. Буга чейин бир нече ирет кожоюн алмаштырган, колдонулган унаа экен. Муну федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев спикер Дастан Жумабеков автону мамлекеттин эмес, өзүнүн эсебинен алып бергендиги менен түшүндүрдү. Канткен учурда дагы аталган унаанын колдонулган түрү унаа рыногунда 1 миллион сомдон ашуун турат. Ушул бир миллион сомдон ашуун каражатка “кыш келе жатат, жок дегенде кичи мекенимдеги кары-картаңдарга отун суусуна кол кабыш кылайын”, – десе болот беле деген ой келет.

Бирок, бир туруп кайра ойлоносуң, кары-картаңдар эртең бир нерсе болуп кете турган болсо, спортчулардай болуп, чеп болуп бере албайт деп... Андан дагы кары-картаңдарга колдоо көрсөтүү учурдагы чиновниктердин “модасынан” калган иш эмеспи...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости