www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлерине кармалган айдоочу арзаныраак протокол түзүп берүүнү сунуштап, жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди. 

2026-жылдын 23-январында Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унааны алдыңкы каптал айнектери уруксатсыз караңгылатылганы үчүн токтотушкан.

Протокол түзүү учурунда айдоочу кызматкерден башка, арзаныраак протокол түзүп берүүнү сунуштап, жасалган укук бузуу үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылган. Бул сунуш боюнча айдоочу кызматкерден баш тартуу жообун алган, анткени кызматтык аракеттер мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлөт.

Андан соң айдоочу кызматкерге жана кызматка карата нааразы пикирлерин билдирген. Мындай сөздөргө карабастан, Бишкек шаарынын МККБнын инспекторлору элдин коопсуздугу жана жол тартиби үчүн мыйзамдын чегинде кызматын ак ниет аткара беришет.

 

 

 

Последние новости