www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Тергөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын аймагында айрым жарандар жыйындарды уюштуруп, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, үгүт иштерин жүргүзүү аркылуу массалык баш аламандыктарга чакырыктарды уюштурууга багытталган аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
1971-жылы туулган Дж.М. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана өзүнө таандык «Toyota 4Runner» үлгүсүндөгү унаасынан Дж.Мге таандык документтер, ар кандай үлгүдөгү беш уюлдук телефон, микро-SIM-карта, чет өлкөлүк номерлер, кол жазмалары бар эки күндөлүк, «Ашара Хидаст» деген жазуусу бар 14 беттен турган папка, араб тилиндеги 68 китеп, араб тилиндеги китептер салынган бир куту, ошондой эле «ИНЕ» үлгүсүндөгү эки рация жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар табылып, алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында ДЖ.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
2025-жылдын 13-декабрында Дж.М.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуга карата 2026-жылдын 5-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.