www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата Кыргызстанда негизги объекттердин энергетикалык инфраструктурасы даярдалып, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Энергетикалык инфраструктураны даярдоо иштери Энергетика министрлигинин көзөмөлүндө болуп, ага энергетика тармагынан 600дөн ашуун адис тартылды. Алар даярдык учурунда жана оюндар өтүп жаткан күндөрү күнү-түнү нөөмөттө турушту.

«Кырчын» этнокомплексинде 10 кВ чыңалуудагы 17,7 чакырым жаңы электр берүү линиясы курулуп, 535 мамы орнотулду. Ошондой эле алты 630 кВА жана эки 250 кВА трансформатордук көмөк чордону орнотулуп, 16 чакырым электр берүү линиясы жаңыланды.

Көк бөрү аренасында жаңы көмөк чордону, электр мамылары, кабелдер жана электр калкандары орнотулуп, резервдик генератор даярдалды.

Мындан тышкары, «Рух Ордо», ипподром, «Курманжан Датка» музейи жана «Дордой Номад» комплексинде электр менен камсыздоо үчүн кабелдер жана электр калкандары орнотулуп, резервдик генераторлор даярдалды.

Ошондой эле «Григорьевка» жана «Бостери» 110 кВ көмөк чордондоруна жаңы өчүргүчтөр орнотулду.

Аткарылган иштер Оюндардын негизги аянтчаларын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого шарт түздү.

Последние новости