www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош бажысында иштеген эки инспектор кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк аймагы боюнча ички иликтөө департаменти менен биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктунун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М.ны кармаган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Ош бажысынын айрым кызмат адамдары өздөрүнө берилген кызматтык ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, айрым ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акынын ордуна ташылып келген товарларга тиешелүү бажылык кароо жана текшерүү жүргүзбөй келишкен.
Ошондой эле алар товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүүгө көмөктөшүп, мыйзамда каралган бажылык жол-жоболордон жана көзөмөлдөн качууга шарт түзгөнү аныкталган.
УКМКнын маалыматы боюнча, мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Кармалган эки инспектор тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда УКМК бул схемага тиешеси бар башка бажы кызматкерлерин аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштерин улантууда.